Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина финалда беларустук спортчу Арина Соболенкону үч сетте – 6:4, 5:7, 6:2 эсебинде жеңип, US Open чемпиону болду.
Рыбакина келерки аптадан баштап дүйнө биринчилигине чыкса, 99 аптадан бери дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган Соболенко экинчи орунга төмөндөйт.
27 жаштагы теннисчи АКШнын ачык чемпионатындагы жеңиши үчүн 5,5 миллион доллар утуп алды. Бул теннис тарыхындагы эң чоң акчалай сыйлык.
Бул Рыбакинанын быйылкы Чоң шлемдеги экинчи жеңиши. Январь айында Австралиянын ачык чемпионатын жеңип алган. Турнирдин финалында Рыбакина Соболенкону үч сетте жеңген.
Казакстандык теннисчи кыз 2022-жылы биринчи жолу Уимблдон мелдешин уткан. Эми ал “карьералык шлемди” жеңүү үчүн Париждеги “Ролан Гаррос” турниринде жеңишке жетиши керек.
Москвада туулган теннисчи 2018-жылы Казакстандын жарандыгын алган.