Украинанын дрондору 14-сентябрга караган түнү Орусиянын Краснодар крайы менен Ростов облусуна сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Telegram каналдар кабарлашты.
Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Сочи менен Дагомыста жарылуулар болгонун жазышты. Сочинин мэри Андрей Прошунин түн ичинде дрон коркунучу тууралуу билдирген. Supernova+ жана "Крымский ветер" каналдарынын маалыматына караганда, Дагомыста С-400 зениттик-ракеталык комплекси бутага алынган.
Краснодар крайынын ыкчам штабы билдиргендей, Сочиде дрондун сыныктары кулап, беш адам жабыркаган. Алардын бири бала. Бир киши ооруканага жеткирилсе, калгандарына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ошондой эле үч жер там жабыркап, дрондордун сыныктары дагы бир нече жерге, анын ичинде ээн имараттын, тоннелдин жана жеке үйдүн короосуна түшкөн.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймактын үстүндө болжол менен 50 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Аксай районунда дрон курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 18-кабатына кулаган. Ростов шаарындагы Киров районунда бир автоунаага зыян келтирилген. Каменск районунда эки батирдин терезелери сынган. Неклинов районунда автоунааларга, жер үйлөрдүн терезелерине жана чатырларына зыян келген. Мясников районунда электр линиясы үзүлүп, 30 үй электр жарыгысыз калган. Жабыркагандар болгон эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Ростов жана Смоленск облустарынын, аннексияланган Крымдын, Краснодар крайынын аймагында жана Кара деңиздин үстүндө жалпысынан 399 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.