Орусиялык аскерлер 15-сентябрга караган түнү Киевге жана Украинанын башка аймактарына чабуул коюшту.
Дрондор Дарница жана Голосеев райондорундагы май куюучу жайларга сокку урган.
Мэр Виталий Кличко дрон Оболонь районундагы кампага тийиши мүмкүн экенин айтты. Соломен районунда киши жашабаган турак жай кыйраган. Чабуулдардын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы жетөө жараат алган.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер аймактын жарандык инфратүзүмүнө жапырт чабуул болгонун кабарлады. Анын айтымында, турак үйлөр, логистикалык объектилер, порт жана транспорттук инфратүзүмдөргө сокку урулган. Жеке үйлөрдүн чатырлары, фасаддары, айнектери, ондогон гараждар жана автоунаалар зыян тартты. Адамдар арасында жабыркагандар жок.
Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Никополь районундагы орусиялык чабуулдардан эки адам жараат алганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса облусунун Великая Балка айылында логистикалык борбор, ал эми Черноморск портундагы жүк ташуучу кеме жана паром жабыркаганын билдирди.
Мекеменин билдирүүсүндө орусиялык аскерлер Украинанын батыш аймактарындагы Европа өлкөлөрүнөн аскердик багыттагы жүктөрдү ташуу үчүн колдонулган темир жол инфратүзүмүнүн объектилерине сокку урууну уланткан.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы Волында орусиялык соккудан кийин тепловоз өрттөнүп кеткенин, жабыркагандар жоктугун кабарлады.
Орусия 15-сентябрга караган түнү Украинага карай 200 учкучсуз учак учуруп, анын 187син Украина куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү атып түшүргөн. Маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.