Манаста 1,7 млрд сомго курулган "Акылман" лицейи ачылды

Манас шаарында "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анда үч этаптан турган сынактан өткөн 7–8-класстагы 144 окуучу билим алат.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Лицейдин ачылышына Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Лицейдин окуу корпусу 360 окуучуга ылайыкталган. Анда 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт жана залдар, спорттук аянтчалар, 25 метрлик бассейн жана 410 орундуу жатакана каралган.

Касымалиевдин айтымында, мугалимдер менен жолукканда "Акылмандын" бүтүрүүчүлөрү сынактан тышкары тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилиши мүмкүн. Тийиштүү кызмат орундарына дайындоодо аларга артыкчылык берилет.

Өкмөт башчы мугалимдердин милдети билим берүү менен чектелбей, окуучулардын жөндөмүн, өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана жаратмандыгын өнүктүрүү экенин белгиледи.

Эске салсак, курулуш башында 2,1 миллиард сомдон ашык суммага бааланып, бир чарчы метрдин 1103 долларга бааланган. Кайра эсептөөдөн кийин чарчы метрдин баасы 750 долларга чейин, долбоордун жалпы сметасы болжол менен 1,7 миллиард сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үнөмдөө 443.5 млн сом үнөмдөлгөн.

"Акылман" лицейи буга чейин Ысык-Көлдө, Таласта ачылган. Анда сынактан өткөн окуучулар акысыз билим алат. (ST)

Дагы караңыз

Киевдеги эки май куюучу жайга жана порттук инфратүзүмгө сокку урулдуБарскоон суусундагы балыктар өлгөн учур иликтене баштадыТИМ QazETA системасын кыргыз жарандары азырынча колдонбой турганын билдирди