Reuters: Дрон чабуулдарынан улам Орусиянын үч ири мунай заводунда өндүрүш кескин азайды

Орусия. Омскидеги мунай заводу дрон чабуулунан кийин өрттөнүп жатат. Июль, 2026-жыл

Сентябрь айында дрондордун чабуулдарынан улам Орусиядагы эң ири алты мунай иштетүүчү заводдун үчөө өндүрүш көлөмүн олуттуу кыскартты же толугу менен токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги күйүүчү май рыногундагы булактарга таянып билдирди.

Reuters маалыматына ылайык, Омск, Кириши, Танеко, Волгоград, НОРСИ жана Пермь мунай иштетүүчү заводдору Орусиядагы дизел өндүрүшүнүн болжол менен жарымын камсыздайт.

Агенттиктин булактарынын айтымында, Кириши мунай иштетүүчү заводу толугу менен токтогон. Ал эми Волгоград заводунда жана НОРСИде өндүрүш долбоордук кубаттуулуктун болжол менен төрттөн бир бөлүгүндө гана жүрүп жатат.

Reuters белгилегендей, АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик жаңжал дүйнөлүк күйүүчү май жеткирүүлөрүнө терс таасирин тийгизди. Мындан тышкары, украиналык дрондордун мунай иштетүүчү заводдорго соккулары Орусиядагы күйүүчү май өндүрүшүн азайтып, бийликти бензин менен дизелдин экспортун чектөөгө мажбур кылды.

Дагы караңыз

Махабат Тажибек кызынын иши: Сотто көз карандысыз эксперт буга чейинки корутундуну сындады