Германиянын Ганновер шаарына жакын жерден дрондун сыныктары табылды. NDR телерадиокомпаниясынын маалыматына караганда, учкучсуз учактын бөлүктөрү Штайнхуде көлүнүн жанынан табылган. Полицияга бул тууралуу 14-сентябрда маалымат берилип, учурда калк жашабаган аймакта аппараттын калган бөлүктөрүн издөө улантылып жатат.
Bild басылмасынын маалыматы боюнча, дрон кулаган жер Германиянын Аскер-аба күчтөрүнүн Airbus A400M аскердик-транспорттук учактары жайгашкан Вунсторф аэродромунан болжол менен бир чакырым аралыкта жайгашкан.
Учкучсуз учак кимге таандык экени жана анын бул аймакка кантип келип түшкөнү азырынча белгисиз. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
Август айында Лейпциг аэропортунан бир нече дрон табылган. Алардын бирине жардыруучу зат орнотулганы аныкталган. Маалыматтарга караганда, ал Украина үчүн жүк ташып бара жаткан украиналык An-124 учагына чабуул коюуга аракет кылган. Бирок Украина менен Германиянын бийликтери учакта курал-жарак болгонун расмий ырасташкан эмес. Кийинчерээк аэропорттун жанынан дагы бир учкучсуз учуучу аппарат табылган.
Германия Лейпциг-Халле аэропортуна жардыргыч зат орнотулган дрон аркылуу жасалган чабуулду уюштурууга Орусияны расмий айыптаган. Буга жооп катары Германиянын бийлиги Бонндогу Орусиянын башкы консулдугун жана Берлиндеги «Орус үйүн» жабуу чечимин кабыл алган. Натыйжада өлкөдө Орусиянын Берлиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгү гана калган.
Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль дрондун тетиктери менен жардыруучу заттар Орусия Украинадагы согушта жана башка гибриддик операцияларда колдонгон учкучсуз учактардын үлгүлөрүнө дал келерин билдирген.
Орусиянын бийлиги Германиянын билдирүүлөрүнө жана чечимдерине кескин реакция кылган. Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Германия «чыңалууну мындан ары күчөтүү жолуна түшкөнүн» жана «эч кандай далил келтирилбегенин» айткан. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Германиянын айыптоолорун «чыныгы согуштун башталышы» деп мүнөздөгөн. Путин болсо бул дооматтарды Германиядагы ички саясий жараяндар менен байланыштырган.
Орусия жооп иретинде Санкт-Петербургдагы Германиянын башкы консулдугун жана Москва менен Екатеринбургдагы Гёте институттарын жабуу чечимин кабыл алган.