Песков энергетиканы бутага албоо маселесин "абдан жакшы идея" деп атады

Дмитрий Песков.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украинанын ортосундагы энергетика объектилерин бутага албоо мунасасын «абдан жакшы идея» деп мүнөздөдү. Бул тууралуу ал АКШнын президенти Дональд Трамптын Москва менен Киев бири-биринин энергетикалык объектилерин бутага албоо боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялаган билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтты.

Бир нече күн мурун Песков Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага сапары учурунда сунушталганы айтылган "энергетикалык элдешүү" идеясына комментарий берип, бул Украинанын «талылуу маселеси» экенин белгилеп, мындай элдешүү мүмкүнчүлүгүн иш жүзүндө четке каккан. Ал Москва элдешүүнү эмес, «туруктуу жана Орусиянын кызыкчылыктарына толук шайкеш келген жөнгө салууну» жактай турганын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин Орусия макулдашууну сактай турганына кепилдик берилсе, Киев "энергетикалык элдешүүгө" даяр экенин айткан.

Песковдун Трамптын демилгесине берген оң баасы Москва энергетикалык элдешүүнү колдоого даяр экенин билдиреби же жокпу, ал тактаган жок. Ошол эле учурда мындай макулдашуу Орусияга ички рынокту мунай продуктулары менен толук камсыздоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Муну менен катар Песков «Орусия рынокту өз алдынча турукташтыра аларын» айтты. Анын белгилешинче, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун жана башка энергетикалык объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлүүдө, ошондуктан Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соккулары олуттуу коркунуч жаратпайт.

Путиндин басма сөз катчысы дүйнөлүк рынокту мунай продукциясы менен камсыздоодо «коопсуз кеме каттамынын» мааниси чоң экенин баса белгилеп, «Киев мындай коопсуздукту камсыздоого умтулбай жатканын» билдирди. Песковдун пикиринде, буга жетишүү үчүн Батыш өлкөлөрү санкцияларды алып салышы керек.

15-сентябрга караган түнү эки тарап тең кайрадан сокку урду, анын ичинде энергетикалык инфраструктура да бутага алынды. Украина Сызрандагы мунай иштетүүчү заводго чабуул жасады. Ал эми орус армиясы Киевдеги эки май куюучу станцияга сокку урду.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров былтыр 15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында жетишилген макулдашуунун үзгүлтүккө учурашына АКШны айыптаган. Анын айтымында, АКШ «андан баш тартпаганда, согуш бир жыл мурда аяктамак». Ошол эле учурда Лавров Москва Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого каршы эместигин билдирип, «биздин айтар сөзүбүз бар» деп белгилеген. Ал эми АКШ Трамп менен Путиндин Анкориждеги жолугушуусунда Украина боюнча кандайдыр бир олуттуу макулдашууларга жетишилгенин четке кагып келет.

Дагы караңыз

Махабат Тажибек кызынын иши: Сотто көз карандысыз эксперт буга чейинки корутундуну сындады Киевдеги эки май куюучу жайга жана порттук инфратүзүмгө сокку урулдуReuters: Дрон чабуулдарынан улам Орусиянын үч ири мунай заводунда өндүрүш кескин азайды Чек ара кызматы "Чечме-автожол" өткөрмө пунктундагы окуя боюнча маалымат бердиМанаста 1,7 млрд сомго курулган "Акылман" лицейи ачылды