Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө базарларында окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай тапшырма мектеп окуучуларын камсыздоого арналган окуу китептердин базарда сатылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшкөнүнө байланыштуу берилди.
Тапшырманын алкагында Ички иштер министрлиги, УКМК жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек болот.
Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. 16-сентябрдагы жыйында бир топ депутаттар мектептердеги китеп жетишсиздиги жана алардын базарда сатылып жатканына байланыштуу маселени көтөрүп, өкмөттү ушул буга дыкат көңүл бурууга чакырышты.
Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбасын эскерткен.
Кыргызстанда окуу жылы башталышы менен мектептерде китеп жетишсиздиги боюнча маселе көтөрүлүүдө.