Депутат Көкүлов "сын айткандарды түшүнүк кат жаздыруу" көбөйгөнүн билдирди

Эрулан Көкүлов

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жасалган иштерди сындап чыккандар "калпычы аталып, аларды түшүнүк кат жаздырган учурлар" көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында айтты.

"Мен депутат болуп келгенде Раим Матраимовдун жанында жүргөндөр абдан көөп жүрчү. Алар кетти, кийин Камчыбек Ташиевдин жанында жүргөндөр келди. Алар дагы абдан көптү. Бүгүнкү күндө өкмөт ушундай көрүнөт. Кечээ кесиптешибиз Болот Ибрагимов Бишкектеги жолдор боюнча кайрылса эртеси "калп айтып жатыптыр депутат" деген видео чыкты. Жолдор түптүз, сонун экен. Урматтуу мэрия, бүт нерсенин чеги бар да. Бишкектеги жолдордун эрип жатканы, аягы тосулган арыктар бар экени чын да. Веложолго койгон столбалар калппы? Эл көрүп жатат да. Мен өзүм дагы мектепти тартып келгенден кийин "убактылуу пол" деп чыгарышты. Ушундайды уктуңар беле?", - деди Көкүлов.

Депутат иш жасалып жатканын, бирок туура эмес иштерди айтып, көрсөтүп берүү алардын милдети экенин кошумчалады. Ал өкмөттү "элге кылган мамилеңер дагы өзгөрдү" деп сындады.

"Акыркы маалда элге кылган мамилеңер дагы өзгөрүп барат. Конституция боюнча биринчи бийлик эл, биз элге андай мамиле кыла албайбыз. Мисалы, Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылында суу боюнча маселе чыгып, ал дагы эле бүтө элек. Ортодо жок болгон акчаны таба албай жатабыз. Жыйында кичине эле туура эмес сүйлөгөн адамды аймактык милиция бөлүмүнө алып барып түшүнүк кат жаздырып жатышат", - деди эл өкүлү.

Буга чейин депутат Болот Ибрагимов Бишкекте жаңы салынган жолдордун сапатын сынга алып, айрым көчөлөрдө асфальт пластилиндей эрип жатканын белгилеген. Ал эл аралык эксперттердин катышуусунда көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган.

Буга Бишкектин Жол-транспорт инфратүзүмүн өркүндөтүү департаментинин башчысы жооп берип, жаңы салынган жолдордун 1% гана дефект аныкталганын билдирген.

Депутат Көкүловдун бүгүнкү айткандарына өкмөттөн жана тийиштүү мекемелерден азырынча комментарий бериле элек. (КЕ)

Дагы караңыз

Песков энергетиканы бутага албоо маселесин "абдан жакшы идея" деп атадыГерманияда аскердик аэродром жанынан дрон сыныктары табылдыМахабат Тажибек кызынын иши: Сотто көз карандысыз эксперт буга чейинки корутундуну сындады Трамп Украина менен Орусия энергетика объектилерин бутага албоону макулдашканын жарыялады