Кажы-Сайдагы уран өндүрүшүнөн калган имараттарды зыянсыздандыруу талкууланды

Сүрөт ӨКМден алынды.

Бүгүн, 16-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы уран өндүрүшүнөн калган имараттарды, шахта жана радиоактивдүү күлдүн калдыгын рекультивациялоого даярдык менен таанышты.

Министр Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайдын айланасын толугу менен зыянсыздандыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин "Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык программасынын алкагында Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайда рекультивациялоо жумуштары бүткөрүлгөн.

Эми алдыда аймакта совет мезгилиндеги уран өндүрүшүнөн калган имараттарды демонтаждоо, радиоактивдүү күл төгүндүлөрдү коопсуз жайга көчүрүү иштери жүрүшү керек.

Чыныбаев бул ишти аткарып жаткан Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаментинин кызматкерлерине рекультивациялоо ишин сапаттуу жүргүзүүгө көңүл бурууну тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буга чейинки маалыматына караганда, (ӨКМ) бул мекеменин карамагында 60 радиоактивдүү объект бар. Анын ичинде калдык сактоочу 33 жай жана 27 кен калдыктары. Жалпы көлөмү 11 млн куб метрди түзөт. Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу менен аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында ири долбоорлорду улантып жатканын кабарлаган.

Былтыр Орусиянын өкмөтү Кыргызстанда СССР учурунда калган уран калдыктарын рекультивациялоо иштерине 2 млрд 141 млн 420 миң рубль бөлөрү айтылган. Бул каражат беш жердеги уран калдыктарын зыянсыздандырууга жумшалары кабарланган.

Алар:

  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагындагы уран өндүрүшүнөн калган өнөр жай объектилери, күл төгүлүүчү аянттар;
  • Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Төө-Моюн кен калдыгы;
  • Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар №12 айылындагы үч кен калдыгы;
  • Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылындагы калдык сактоочу үч жай;
  • Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кан айылындагы калдык сактоочу эки жай.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программаны орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы координациялап, ишке ашыра турган болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте мамлекеттик фармацевтикалык кампа-логистикалык комплекс ачылатТаштандыны өрттөп же ар кайсы жерге калтыргандар коомдук жумуштарга тартылатАйрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыАКШда беш киши Кремлдин тапшырмасы менен "диверсия даярдаган" деп айыпталды