Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери жүрүп жаткан учур. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери жүрүп жаткан учур. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге кабинет төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 16-сентябрда кабарлады.

Токтом жергиликтүү курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн импорттук атаандаштыгы шартында өлкөнүн экономикалык (улуттук) коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганы белгиленди. Убактылуу тыюу салуунун мөөнөтү алты ай.

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилип жаткан курулуш материалдарынын айрым түрлөрүнүн тизмесин жарыялады. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG