Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:49

Аламүдүндө 900дөй бала билим алган мектеп онлайн окуп жатканы айтылды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылындагы Исмаилбек Таранчиев атындагы мектепте окуу баштала электигин сынга алды. Ал быйыл окуу жылы адаттагыдан кеч башталса да аталган мектепте сабактар дагы эле онлайн өтүп жатканын бүгүн, 16-сентябрда, парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

"Беш-Күнгөй айылындагы Таранчиев атындагы мектепте окуу баштала элек. Эмне үчүн дегенде, полдорун сырдаптыр, кургай элек деп айтып жатышат. Үч ай бою эмне кылышты? Бул окуу жылына даяр эмес дегенди билдирет да. Окуу жылы 15-сентябрда башталса, бардык мугалимдер менен окуучулар онлайн окуйт дегени эмне?" - деди Талиева.

Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Таалайбеков И. Таранчиев атындагы мектеп эмне себептен толугу менен онлайн форматка өткөнүн "Азаттыкка" түшүндүрдү. Анын айтымында, мектептин полу толугу менен алмаштырылып, сырдалгандыктан окуучулар жуманын аягына чейин аралыктан окушат.

"Тендер жарыяланып, жайкы эс алуу маалында ага катышуучулар чыккан эмес. Кийин бир компания катышып, ишти тез арада бүтүрүүгө аракет кылып жатат. Мага айыл өкмөтүнөн ушундай маалымат беришти. Анткени оңдоо иштерин жергиликтүү бийлик жүргүзөт", - деди Таалайбеков.

Аталган мектепте 911 окуучу билим алат.

Быйыл Кыргызстандагы мектептер Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммитинин Бишкекте өтүшүнө жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу окуу жылын 15-сентябрда баштады. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG