Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Баткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди

Баткенде чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлер эскерилди. 16-сентябрь, 2026-жыл
Баткенде чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлер эскерилди. 16-сентябрь, 2026-жыл

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулар эскерилди. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, курман болгон жоокерлердин жакындары, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эскерүү иш-чарасы шаардагы 2056 аскер бөлүгүндө өтүп, курман болгон жоокерлердин эрдиги, мекенчилдиги жана өзгөчө оор кырдаалда көрсөткөн кайратмандыгы, эл-жерди коргоодогу баатырдыгы кийинки муундар үчүн өрнөк экени айтылды.

Сүлүктүдөгү эскерүү иш-чарасы. 16-сентябрь, 2026.
Сүлүктүдөгү эскерүү иш-чарасы. 16-сентябрь, 2026.

2021–2022-жылдары өлкөнүн чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы ушул эле күнү Баткен шаарында да болду. Жергиликтүү бийлик, мэрия жана курман болгон жоокерлердин ата-энелери, жоокерлер Жеңиш сейил багында жайгашкан Мадинанын эстелигинин алдына чогулушту.

Маркумдардын урматына тургузулган эстеликке гүл коюлуп, алардын эл үчүн жасаган эрдиги жана мекенчилдиги унутулбай турганы белгиленди, алардын арбактарына багышталып куран окулду.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

2021-жылы апрель айында чек арада атышуу болуп, 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Баткенде чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлер эскерилди. 16-сентябрь, 2026. Баткен шаары
Баткенде чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлер эскерилди. 16-сентябрь, 2026. Баткен шаары

2023-жылы 15-сентябрда Баткенде чек ара жаңжалында курман болгондордун элесине арналган эстелик ачылган. Мемориалга 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында чек ара жаңжалында каза болгон 111 адамдын ысымдары жазылган. 2021-жылдын жазында окко учкан 12 жаштагы Мадина Рахматжан кызынын элеси түшүрүлгөн.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырым. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталган. Былтыр март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек араны толук тактаган макулдашууга кол коюшкан. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. (JsA/КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG