Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:50

Жогорку Кеңеште Орусияда реестрге түшкөн мигрант балдар маселеси айтылды

Орусиядагы мигранттар. Архив сүрөт
Орусиядагы мигранттар. Архив сүрөт

Кыргызстандын парламентинде Орусиядагы мигранттардын "көзөмөл реестрине" киргизилген балдарына байланыштуу талаптарды кайра кароо боюнча эки тараптуу иш жүргүзүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Ахмедова мигранттар үчүн "көзөмөл реестри" олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгилеп, ал тизмеге эки жаштагы балдар да кирген учурлар бар экенин айтты.

"Реестр азыр чоң көйгөй болуп жатат. Кандай себеп менен эки жаш, алты жаштагы балдар дагы түшүп, документтери туура болгон ата-энелер дагы баласынын айынан өлкөдөн чыгарылып жатат? Реестрге түшүп жаткан балдардын жашын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк жакшы болот эле", - деди эл өкүлү.

Орусиянын "көзөмөл реестри" былтыр февралдан тартып иштей баштады. Ага миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар киргизилет. Реестрге кирген мигранттарга унаа башкарууга, никеге турууга, мүлкүн каттоого, банктан эсеп ачууга жана жашаган жерин алдын ала эскертүүсүз алмаштырууга тыюу салынат. Ошондой эле аларды өлкөдөн чыгаруу коркунучу күчөйт.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын аягына карата Орусиянын "көзөмөл реестрине" 128 миң кыргызстандык киргизилген. Алардын 30 миңге жакынын балдар түзөрү айтылган. Айрымдары реестрден чыгарылганы маалымдалганы менен дагы эле он миңдеген кыргызстандык бул тизмеде калууда.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандардын 18 жашка чейинки балдары милдеттүү түрдө каттоого алынат жана алар тууралуу маалымат мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет. Алты жаштан тартып чет өлкөлүк балдар манжа изин тапшырып, сүрөткө түшүүгө милдеттүү. Ал эми 18 жашка чыккан соң мигранттардын балдары өлкөдө мыйзамдуу жүрүү үчүн өз алдынча укуктук макамын аныкташы керек.

Жалпысынан Орусияда 376 миңдей кыргызстандык мигрант расмий каттоодо турат.

Буга чейин да кыргыз парламентинде документтери жайында болгон жана мыйзамдуу иштеп жүргөн мигранттардын "көзөмөл реестрине" кирип жатканы айтылып келген. Депутаттар Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына карата өзүнчө жеңилдетилген тартип каралышы керектигин белгилешкен.(КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG