15-сентябрга караган түнү атып түшүрүлгөн учкучсуз аппарат Орусияга таандык болгонун Литванын президенти Гитанас Науседа билдирди. Анын айтымында, "Гербера" үлгүсүндөгү дрондун чоо-жайын, деталдарын адистер иликтеп жатышат.
Науседа муну Литвага каршы атайы аракет деп эсептебейт.
"Болжол менен Украинага багытталган орус дрону украиналык радиоэлектрондук каражаттарынын таасиринен багытынан адашып, Литванын аймагына кирип кеткен. Андан соң ал атып түшүрүлгөн", - деди ал.
Литванын аба мейкиндигине кирген дронду 15-сентябрга караган түнү саат болжол менен 00:20да Шяуляй авиабазасынан көтөрүлгөн НАТОнун (Италиянын) истребителдери жок кылган. Дрон кулаган жер курчоого алынды. Аймакта аскер кызматкерлери жана полиция иштеп жатат. Учкучсуз аппарат өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Каунас суу сактагычынын жанындагы айылдын аймагына кулаган.
Кийинчерээк Литванын коргоо министри Робертас Каунас дрон Беларус тараптан учуп келгенин жана анын ичинде жардыргыч зат табылганын билдирди.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Литвада атып түшүрүлгөн дронду "Орусиянын Европага каршы агрессиясы менен чагымчыл аракеттеринин бир бөлүгү" деп атады. Ал ошондой эле Евробиримдик Москвага басымды күчөтөрүн белгиледи.
Польшада 14-сентябрда Балтика деңизинен, Русиново курорттук кыштагынын жээгинен табылган орусиялык дрон да жардыргыч зат менен жабдылганы аныкталды. RMF24 басылмасы Познан округдук прокуратурасынын аскер иштери боюнча прокурорунун орун басары Бартош Оконевскийге шилтеме берип, "Гербера-2" үлгүсүндөгү дрондун жардыргычы бар экени табылганын жазды.
Буга чейин Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш Русиновонун жанынан табылган аппаратты алдын ала кароо анын Орусияга тиешелүү экенин көрсөткөнүн билдирген. Дронду суудан поляк аскерлери чыгарышкан. Прокуратура анын Польша жээгине кантип келип калганын иликтөөнү улантууда.
Onet басылмасы белгилегендей, дрон табылган жерге чукул Польшанын Аскердик-аба күчтөрүнүн борбордук полигону жайгашкан.