Бишкектин четиндеги Ак Ордо-3 жаңы конушунда курулуп, быйыл пайдаланууга берилген № 104 орто мектепте балдар убактылуу төрт нөөмөттө окууга мажбур. Экинчи чейректен тартып окуу эки нөөмөттө жүргүзүлө баштайт.
Бул тууралуу аталган орто мектептин директору Топчугүл Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда караганда, 750 орунга эсептелген мектепке быйылкы жаңы окуу жылында 4 миңден ашуун бала кабыл алынган:
"Биздин мектеп жаңы ачылды, эки имараты толук курулуп бүткөн. Дагы 750 орундуу эки имарат 1-ноябрда пайдаланууга берилет. 2-чейректен тартып окуу биздин мектепте текши эки нөөмөт менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда бизде 1-2-класстар 4 нөөмөт менен окушат, акыркы окуу нөөмөтү 16:45те башталат, алар 40 мүнөттөн окушат. 4-сабак саат кечки жетиден өтүп аяктайт. Буга аргасыздан барып жатабыз, анткени баланын саны аябай көп. Жалпы 119 класс болсо, анын ичинен 79 класс башталгыч класстарда. Ал эми 5-11-класстарда 40 класс бар".
Директордун сөзүнө караганда, 5-11-класстардын окуучулары 45 мүнөттөн эки нөөмөттө окушат, 1-2-класстардын окуучулары 40 мүнөттөн 4 нөөмөттө окушат. 3-4-класстын окуучулары 45 мүнөттөн 3 нөөмөт окушат.
Бишкектин батыш тарабындагы Ак Ордо жаңы конушу - жашоочулары көп, эң ири конуштардын бири.
Бишкектеги мектептердин жетишсиздиги боюнча маселе улам көтөрүлүп келет. Айрым мектептерде бир класста 40-50дөн бала окуп жатканын, бул билим сапатына терс таасирин тийгизерин айтып, нааразы болгон ата-энелер бар.
Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1,5 миллион окуучу жалпы билим берүү мекемелеринде билим алат. 2374 мектеп иштейт, анын 2132си мамлекеттик, 242си менчик. Жалпы саны 97 миңдей мугалим балдарга билим берет.
Быйыл Кыргызстандагы мектептер Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммитинин Бишкекте өтүшүнө жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу окуу жылын 15-сентябрда баштады.(ZKo)