Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов Кыргызстанга келди

Эрмек Сабыржанов.

Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов Кыргызстанга келди. Бул маалыматты Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев “Азаттыкка” ырастады. Ал Эрмек Сабыржановдун иши башынан эле президент Садыр Жапаровдун жана Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) көзөмөлүндө болгонун айтты.

9-сентябрда Измир шаарында өткөн сотто ал бошотулуп, мекенине кайтууга уруксат берилген.

Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалганы 4-июнда белгилүү болгон.

34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Түркиянын Анкара шаарында 22-майда кармалып, 23-майда камакка алынган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Ал үй-бүлөсү менен Түндүк Кипрге эс алганы баратканы айтылган.

Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагууда. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.

2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин анын Кыргызстанга чыгып кетишине уруксат берилген.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу 300дөн ашык адам набыт болгон. Режеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлиги бул төңкөрүш аракети үчүн диний аалым Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган.

Режеп Тайып Эрдогандын мурдагы санаалашы, өнөктөшү Фетхулла Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Мурдагы министр Бообек Ажикеев эки айга камакка алындыМосквадагы мунай иштетүүчү ири завод дрон чабуулуна кабылдыОрусиянын Мамдумасына шайлоого Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси ачылдыCAFA U-17 Women’s Championship: кыргыз футболчулары чемпион болуштуСадыр Жапаров Кыргызстан-АКШ түз авиакаттамдарын ачууну сунуштадыЧаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапты