20-сентябрга караган түнү украиналык дрондор Москвага жана Москва облусуна чабуул койду. Соккуда Капотнядагы мунай иштетүүчү завод да бутага алынган.
Москванын мэри Сергей Собянин муну "согуш башталгандан берки эң ири дрон чабуулу" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Москвага жакын аймактарда жана шаардын үстүндө жалпысынан 1600гө жакын дрон атып түшүрүлгөн. Собянин учкучсуз учактардын мунайды кайра иштетүүчү заводго тийгенин, турак жайларга зыян келтирилгенин ырастады.
ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, Москвадагы Борисовские Пруды көчөсүндөгү 16к2 номурлуу үйдүн жанында дрон кулап, жарылган. Бул шаардын түштүк-чыгыш бөлүгү. Каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок.
Социалдык тармактарда өрттөнүп жаткан мунай заводдун көптөгөн видеолору жарыяланды.
Москва облусунун Раменское муниципалдык округуна караштуу Софьино айылына да сокку урулду. ASTRA жүргүзгөн ачык булактардагы маалыматтарды талдоого ылайык, бул жерде кампа комплекси жабыркаган. Украиналык Telegram каналдар окуя болгон жерден тартылган видеолорду жарыялашты.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев дрондордун кулашынан 21 кабаттуу көп батирлүү үйдүн чатыры күйгөнүн билдирди. Анын айтымында, үйдөн 400 адам эвакуацияланган.
Воробьев билдиргендей, чабуулдардын кесепетинен эки адам каза тапты. Софьинодо дрон үч кабаттуу үйгө тийип, 44 жаштагы аял мерт болду. Үйдүн үчүнчү кабатындагы алты батир жабыркап, дагы беш адам, анын ичинде эки бала жараат алды.
Софьино, 20-сентябрь, 2026-жыл
Мындан тышкары, Орехово-Зуево округунда дрон жеке үйгө тийип, бир киши каза болду.
Москванын түштүк тарабында, Подмосковьенин Ленин округунда беш адам жараат алып, 14 үйгө зыян келтирилди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул соккулар боюнча азырынча комментарий бере элек.
Орусияда бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик Думага шайлоонун акыркы күнү өтүп жатат. Собянин украиналыктардын чабуулун" шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети" деп атап, бирок ал максатына жетпегенин билдирди.
Буга чейин Москва июнь айында да жапырт дрон чабуулуна кабылган. Ал кезде да Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго сокку урулган.
Орусиянын армиясы Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери Одессадагы портторду дээрлик күн сайын аткылап келет. Далилдерге карабай Москва Украинанын жарандык жайларына сокку уруп, миңдеген кишинин канына забын болуп жатканын моюнга албайт.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдоруна жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко 20-сентябрда Орусиянын аскерлери Киевдин аймагына бир суткадан ашык убакыттан бери чабуул коюп жатканын кабарлады. Анын сөзүнө ылайык, кол салуудан каза болгондордун саны төрт адамга жетти.
“Тилекке каршы, кайгылуу жаңылык бар. Вышгород районунда душмандын чабуулунан жаракат алган бала ооруканада каза болду. Ошентип, Киев облусунда каза болгондордун саны төрткө жетти – үч бала жана бир аял”, - деди ал.
Андан тышкары облустун беш районунда 31 объект жабыркаган.
Буга чейин Киев облусунун башчысы Тимур Ткаченко Вышгород районунда Орусиянын соккуларынан эки адам жаракат алганын, алардын бири эне-бала экенин, алар жергиликтүү ооруканага жаткырылганын билдирген.
Тимур Ткаченко 19-сентябрдын кечинде Киев облусунун Фастов районунда орус аскерлеринин соккусунан эне эки баласы менен каза болгонун айткан.
“Душмандын чабуулунан эне эки кичинекей баласы менен - бир кыз жана бир эркек бала каза болду. Бул жоготуунун кайгысын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам”, - деген ал.
19-сентябрда Сумы облусунда орусиялык дрон жеңил унаага тийип, төрт адам каза болгонун облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.
Анын айтымында, Шостка районунда дрон чабуулунун кесепетинен төрт болду.
Херсон облусунда соңку бир сутка ичинде эки адам каза болгонун облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин маалымдады. Бир аял Львовские Отрубы айылында орусиялык дрондун чабуулунан жеринде мерт кеткен. Дагы бир аял Нововоронцовка кыштагында орусиялык артиллериялык аткылоонун кесепетинен көз жумган.
Мындан тышкары, 19-сентябрда күндүз Днепр шаарындагы "Континент" соода борборуна да сокку урулду. Анын кесепетинен имаратта өрт чыгып, үч адам жараат алганын Днепропетровск облусунун жетекчиси Александр Ганжа билдирди.
19-сентябрдын кечиндеги маалыматка караганда, орус аскерлери бир күн ичинде облуска дрондор жана артиллерия аркылуу дээрлик 40 жолу сокку урган. Днепр шаарында соода борборунан тышкары кампалар жана көп кабаттуу турак жайларга да зыян келтирилген. Соода борборунда жараат алган үч кишини кошкондо, облус боюнча жалпысынан беш адам жабыркады.
Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет.