Москва жана Подмосковье жапырт дрон чабуулуна кабылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Украина Москвага дрон менен жапырт сокку урду. Бул чабуул Орусиядагы парламенттик шайлоонун акыркы күнү болду. Москванын мэри Сергей Собянин муну Орусиянын борборуна жасалган эң ири дрон чабуулу деп атады. Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, чабуулдан 2 адам каза болду. Ошондой эле чабуулдун кесепетинен мунай иштетүүчү завод жабыркады.
Бир күн мурда Орусия Украинанын Сумы жана Херсон облустарына чабуул жасап, алты адам каза болгон.
Бул күнү Днепропетровск облусуна да дрондор жана артиллерия аркылуу дээрлик 40 жолу сокку урулуп, беш адам жабыркады.