Мэр Бишкекте жол тыгынын чечүү боюнча Кытай компаниясы менен сүйлөштү

Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеши жол тыгыны.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кытайлык Hunan Construction Investment Group компаниясы менен Бишкекте жол салуу жана реконструкциялоо, көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу, автоунаа тыгындарын азайтуу маселелерин талкуулады.

Мэр Кытайдын Чанша шаарына болгон иш сапарында сөз болуп жаткан ишканага борбордогу транспорттук кырдаалды изилдеп, конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу сунушун берди.

Hunan Construction Investment Group компаниясынын өкүлдөрү Бишкек шаары менен кызматташуунун жолдорун карап чыгууну убада кылганын шаар бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданууда. Айрыкча 15-сентябрда жаңы окуу жылы башталгандан бери борбордун дээрлик бардык райондорунда жол тыгыны болууда.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Азия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алдыУкраина: Сумы жана Херсондо Орусиянын чабуулу алты өмүрдү алды Москвадагы мунай иштетүүчү ири завод дрон чабуулуна кабылдыТүркияда кармалган Эрмек Сабыржанов Кыргызстанга келдиМурдагы министр Бообек Ажикеев эки айга камакка алындыCAFA U-17 Women’s Championship: кыргыз футболчулары чемпион болуштуСадыр Жапаров Кыргызстан-АКШ түз авиакаттамдарын ачууну сунуштады