Борбор Азияда суу запастары менен мөңгүлөр азайып жатат. Мындай тыянакты Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун изилдөөчүлөрү чыгарды.
Адистер акыркы беш жылдагы көрсөткүчтөрдү 1991-2020-жылдардагы маалыматтар менен салыштырган. Алардын баамында, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Ооганстандагы суу сактагычтарга агып кирген суунун көлөмү кыйла азайган.
Борбор Азия дарыялардагы суу агымы нормадан төмөн же кыйла төмөн болгон аймактардын катарына кирди. Айрыкча Арал деңизинин алабындагы кырдаал татаалдашууда. Бул аймактагы негизги дарыялар Амударья менен Сырдарья кирет.
Өзгөчө тынчсызданууну мөңгүлөрг байланышкан абал жаратууда. Борбор Азия тоолорундагы мөңгүлөр топтолгонго караганда көбүрөөк муз жоготуп жатат. Мөңгү массасынын балансы боюнча аймак эң чоң жоготуулар катталган үч аймактын катарына кирди.
2023-жылдан 2025-жылга чейин дүйнөлүк мөңгүлөрдүн жоготуулары болжол менен 1400 гигатонна сууну түзгөн. Акыркы беш жылда тоо мөңгүлөрү деңиз деңгээлинен жогору муз массасынын 6,2 пайызын жоготту. Борбордук Азиянын дарыя бассейндериндеги агымдын жарымынан көбү кар жана муздан пайда болот.
Аталган уюмдун божомолуна ылайык, XXI кылымдын аягына чейин аймактагы өлкөлөр жайында суу агымынын азайышын баштан кечириши ыктымал.