Кыргыз-кытай чек арасынан өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет

Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптан көрүнүшү. (Архив)

Кытайдагы Күз майрамы жана Кытайдын Улуттук күнү белгиленүүсүнө байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттери 25-сентябрдын саат 22:00дон 26-сентябрдын саат 08:00гө чейин жабылат. Ошондой эле 1-октябрдан 4-октябрдын таңына чейин аталган чек ара бекеттери жабык болот. Бул убактарда жарандарды жана транспорт каражаттары мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлбөйт. (ZKo)

Дагы караңыз

Амангелдиев күйүүчү май үчүн Элдик банктан алынган акчанын себебин түшүндүрдүОштогу үй-жайы сүрдүрүлгөн жарандардын маселеси талкууландыСамарада мунай заводу кайрадан бутага алынды, бир адам каза болдуБаатыр энелердин пенсиясына алгачкы жолу 1000 сомдон кошулатБекешев Орунтаевди "майыптыгы барлардын арабасына отургузууну" сунуштадыБазарда сатылган окуу китептери боюнча кылмыш иши козголду