Жаратылышты коргоону күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды

"Кызыл китепке" кирген жоогазын гүлү.

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчө баалуу объекттерин коргоону күчөтүү, аларды мыйзамсыз сатууга каршы натыйжалуу механизмдерди түзүү жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги демилгелеп жатат.

Жапайы, сейрек кездешүүчү жана дары өсүмдүктөрдү мыйзамсыз жыйноо, ташуу, сатып алуу жана сатуу үчүн 1 жылга чейин түзөтүү иштери же 2 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Жаныбарларга карата мыйзамсыз аракеттер үчүн 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталды. Чийки заттар конфискацияланып, 2 миңден 3 миңге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Сейрек кездешүүчү жана баалуу жапайы дары өсүмдүктөр менен иштөөдө белгиленген эрежелер бузулган учурда, эгер жосунда кылмыштын белгилери жок болсо, чийки зат конфискацияланып, жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. Эгер мындай мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, жеке жактар үчүн айып пул 200, юридикалык жактар үчүн миң эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды атуу үчүн ири өлчөмдө айып пул каралганын эскертти.

Министрликтин маалыматына караганда, ак илбирске аңчылык кылгандар 2 млн сом, аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен аткандар 1,5 млн сом, кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн аткандар 50 миң сом, ортоазиялык кундуз менен мензбир суурун аткандар 20 миң сом айып төлөйт.

Кыргызстандык экологдор көзөмөлдүн жетишсиздигинен жана адамдардын аёосуз мамилесинен улам эндемикалык өсүмдүктөр, айрыкча «Кызыл китепке» кирген эрте жаздагы гүлдөр жана жоогазындын айрым түрлөрү жоголуп кетүү коркунучунда экенин айтып, кабатырлыгын билдирип келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Президенттикке талапкер болууну каалагандар “Түндүк” аркылуу кол чогултатАКШнын Иранга каршы чаралары. Борбор Азия Кытайга ыктай баштайбы?Көмүскөдө жүргөн чуулгандуу ишкер Ширшов ачыкка чыктыМайыптыгы бар жарандардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушталдыЛитва Борбор Азия жарандарынан ишке орношууга арыз кабыл алууну токтотту