Литванын Миграция департаменти Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынан ишке орношууга жана өлкөгө кирүүгө арыздарды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу аталган департаменттин башчысы Индре Гаспереге шилтеме кылып BNS агенттиги жазды.
Анын сөзүнө караганда, акыркы жылы Литвага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген жарандардын саны өскөн. Бул өлкөлөрдүн баарында Литвага виза берүүчү борборлор ишин токтоткон, ал белгилегендей, "ишке орноштурууга өзгөчө көп арыздар" берилген.
Гаспере кайсы өлкө экенин ачыктаган жок. 2025-жылы Литванын бийлиги Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында виза борбору ишин токтотконун, буга Литвага кирүүгө жана иштөө укугуна ээ болгондордун мыйзам бузуулары негиз бергенин билдирген. Маалыматка ылайык, борбордун эки жылдык ишинде Литвага кирүүгө жана иштөөгө 6,5 миңдей адам арыз берген, басымдуу бөлүгү айдоочулар менен куруучулар болгон. Кийинчерээк алардын көпчүлүгү Евробиримдиктин башка өлкөлөрүндө иштеп жүрүшкөнү, Литваны транзиттик түйүн катары гана пайдаланышканы аныкталган.
Литванын Миграция департаментинин маалыматына караганда, 2026-жылдын сентябрына карата өлкөдө иштөөгө жана жашоого 227 миң чет өлкөлүк жаран уруксат алган. Алардын ичинен 80 миң адам Украинанын, 48 миңдейи Беларустун, 13 миңи Орусия менен Өзбекстандын, 9 миңи Индиянын, ал эми жети миңден ашууну Тажикстандын жарандары.
Дагы караңыз
Шерине