Бишкекте мугалим майрамына дээрлик 4 млн сомдук тендер жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү департаменти мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн 3 млн 919 миң 200 сомго тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, мунун ичинен 2 млн 318 миң сом 1 100 даана электр чайнектерин, 52 даана гүлдесте сатып алууга сарпталат.

Майрамдык иш-чарада боло турган концертке 1 млн 230 миң сом жумшалат. Ошондой эле 71 миң сом мактоо баракчаларын даярдоого, 300 миң сом LED-экран ижарага алууга сарпталат.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жарлыгы менен мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салгандан кийин ата-энелерге мугалимдерге да акчалай жана кымбат белек берүүгө тыюу салынган.

Мугалимдердин кесиптик майрамы 5-октябрда белгиленет.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы 2374 мектепте 97 миңдей мугалим иштейт. 2132 мектеп мамлекеттик, 242си менчик.

Быйылкы окуу жылында өлкө боюнча 146 миң 852 окуучу 1-класска барды.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-кытай чек арасына мунай кампаларын куруу сунушталдыОрусия Запорожье менен Киевде май куюучу жай, кампа жана соода борборуна сокку урду Жаратылышты коргоону күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралдыПрезиденттикке талапкер болууну каалагандар “Түндүк” аркылуу кол чогултатАКШнын Иранга каршы чаралары. Борбор Азия Кытайга ыктай баштайбы?Көмүскөдө жүргөн чуулгандуу ишкер Ширшов ачыкка чыкты