Азербайжан, Түркия жана Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Өзбекстандын армиясынын аскердик техникасы. Архивдик сүрөт

Азербайжан, Түркия жана Өзбекстандын аскери катышкан "Биримдиктин күчү-2026" машыгуулары Азербайжандын аймагында башталат.

Бул тууралуу Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги кабарлады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, үч баскычтан турган машыгуулар Карабах экономикалык районундагы "Кызылкая" окуу борборунда, Нахчыван автоном республикасындагы "Карабаглар" окуу борборунда жана Каспий деңизиндеги "Буюк Зира" полигонунда өтөт.

Үч түрк тилдүү өлкөнүн аскерлери заманбап авиацияны, деңиз күчтөрүн жана учкучсуз аппараттарды колдонуу менен биргеликте машыгуудан өтүшөт.

Yenisafak басылмасынын маалыматына караганда, Түркия менен Өзбекстандын аскерлери машыгууга катышуу үчүн Азербайжанга барды.

22-сентябрдын кечинде Хожавенд районунда биргелешкен машыгуулардын расмий ачылышы болду.

Буга чейин расмий Анкара Ташкент менен аскердик кызматташтыкты кеңейтип жатканын билдирген. Ушул жылдын апрель айында Ташкентте Өзбекстан менен Түркиянын аскер жетекчилигинин өкүлдөрү жолугуп, коргонуу тармагындагы кызматташтыкты, стратегиялык өнөктөштүктү жана аймактык коопсуздукту өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.

Быйыл жылдын биринчи жарымында Түркиянын Коргоо министрлиги Өзбекстанга генерал-майор жетектеген аскердик кеңешчилер тобу жөнөтүлгөнүн расмий ырастаган.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Түркия Ташкенттин негизги аскердик-техникалык өнөктөштөрүнүн бирине айланды. Анкара Өзбекстанга заманбап курал-жарактарды жеткирип, коргонуу тармагындагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп келет.

Өзбекстан түркиялык коргонуу өнөр жай ишканаларынан учкучсуз аппараттарды жана башка курал-жарактарды, заманбап технологиялык жабдыктарды сатып алууда.

2023-жылы Өзбекстан Түркиядан "Bayraktar TB2" учкучсуз аппараттарын сатып алган. Дрондордун так саны ачык жарыяланган эмес. Бирок ачык булактарда Өзбекстандын карамагында мындай аппараттардын кеминде төртөө бар экени айтылат.

Өзбекстан ошондой эле Түркиядан "Ejder Yalçın" бронетехникасын алган. Маалыматтарга ылайык, учурда өзбек армиясынын карамагында мындай техникадан 24 даана бар.

2025-жылы түркиялык "TUSAŞ" компаниясы Өзбекстанга "ANKA" үлгүсүндөгү учкучсузаппараттарды сатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Түркиядан сатылып алынган аскердик техника менен курал-жарактын көлөмү жана келишимдердин наркы адатта ачык жарыяланбайт.

Дагы караңыз

Орусия Запорожье менен Киевде май куюучу жай, кампа жана соода борборуна сокку урду Кыргыз-кытай чек арасына мунай кампаларын куруу сунушталды