Сасык тумоо, курч респиратордук оорулар менен бир аптада 4300дөн ашуун адам ооруканага кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин маалыматына караганда, акыркы жумада Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук ооруларга (ОРВИ) чалдыккан 4366 адам кайрылган. Алардын 74,2% пайызы 14 жашка толо элек балдар.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин, сасык тумоого чалдыккандардын көбөйүшү мезгил алмашуусу менен аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам болуп жаткан көрүнүш экенин билдирди. Министрлик ошондой эле Коомдук саламаттык боюнча улуттук институттун божомолуна таянып, жакынкы апталарда респиратордук оорулар күчөшү ыктымалдыгын, аптасына 6660 учурга чейин жетиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Маалыматта ошондой эле бейтаптарга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө күз-кыш мезгилдеринде күч алуучу вирустар аныкталып жатканы тууралуу да айтылган.
Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо жана ОРВИ жуктурган адамдарды кечикпей дарыгерлерге кайрылып дарыланууга, адамдар көп чогулуучу жерлерге барбоого, ооруп жаткан балдарды бакчага, мектепке жибербөөгө, көчөгө чыкканда беткап кийип жүрүүгө чакырууда.

Адатта аба ырайы өзгөрүп, күн сууктаганы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөйт.

Былтыр Кыргызстанда сасык тумоо күч алуусунан улам бала бакчалар карантинге жабылып, мектептер онлайн окууга өткөн. Эпидемиологдор ошондо өлкөдө сасык тумоонун А түрү же Гонконг тумоосу (H3N2) катталганын билдиришкен. (ZKo)

Дагы караңыз

БУУну реформалоо жана дүйнөдөгү согуштар БУУда Садыр Жапаров санкция саясатын сындады | Жаңылыктар | 23.09.2026 "АйгулЬ, ДЖунушалиев, июлЬда". Парламенттеги жана өкмөттөгү каталар"Ата-эненин талабы". Ошто балдарын орус тилдүү мектепке бергендер көбөйдү Кыргызстанда Кан донорунун улуттук күнүнө карата акция өтөт