"Бийликти күч менен басып алууга" айыпталган саясатчылардын иши сотто каралууда

Кадырбек Атамбаев сот залында. Архив сүрөт.

24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып, жапырт кармалган саясатчылардын ишин кароону улантты. Жараянга шектүүлөрдүн бири Кадырбек Атамбаев алып келинген жок. Анын жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаевди жарыш сөзгө, акыркы сөз сүйлөөгө жана сот өкүмү окуларда гана алып келүү өтүнүчүн сотко тапшырганы белгилүү болду.

Кадырбек Атамбаев 17-сентябрдагы соттук жараянда судьянын чечими менен “тартипти бузду” деген негизде сот залынан чыгарылган.

Бул күнкү отурумда аудио жана видео материалдар каралары күтүлүп жатканын Темирлан Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева буга чейин билдирген.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөрдү Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну көздөгөн деп айыптаган.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго, ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Айыпталуучулардын калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Адвокат Асел Аргымбаеванын айтымында, Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун жана Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн. (DSh/ZKo)

Дагы караңыз

Парламент президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына белгиледиСасык тумоо, курч респиратордук оорулар менен бир аптада 4300дөн ашуун адам ооруканага кайрылды Министрлик инвесторлорго жер берүү сунушун инвестиция тартуу менен түшүндүрдүБУУну реформалоо жана дүйнөдөгү согуштар "АйгулЬ, ДЖунушалиев, июлЬда". Парламенттеги жана өкмөттөгү каталар