Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн басып чыгарылган китептердин мазмунун жана Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйүнүн ишмердигин иликтөө сунушун берди. Мындай демилгени ал парламенттин 24-сентябрдагы жыйынында көтөрдү.
“Сапатсыз окуу китептери боюнча социалдык тармактарга ата-энелердин кайрылуулары чыгып жатат. Китептердин салмагы, боёктору, китептердеги тексттер да сапатсыз. Китептердин сапатын текшерүү боюнча Агартуу министрлигинде “Окуу китеби” деген бөлүм бар. Эки жылдан бери байкап жүрөм ошол бөлүмдүн ишинде көп алешемдиктер бар. Укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма берип катуу текшерип көрөлүчү”, - деди ал.
“Окуу китеби” басма үйү мазмунуна байланыштуу социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордогу окуу китептери 11 жылдык жалпы билим берүү системасы үчүн чыккан китептер экенин, алар “Окуу китеби” басма үйүнө тиешеси жок экенин кабарлаган. Мекеме 12 жылдык билим берүү моделине ылайык жаңы окуу китептери талаптарга ылайык даярдалып жатканын кошумчалаган.
Жаңы китептердин мазмуну боюнча буга чейин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева да комментарий берген. Ал жаңы басылып жаткан китептер окуучунун турмуштук көндүмдөрүн жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандырууга багытталганын билдирген.
Социалдык тармактарда китептердин маани-мазмуну боюнча сын-пикирлер айтылууда. Айрым ата-энелер китептердеги тапшырмалар түшүнүксүз экенин, сүйлөмдөр татаал түзүлүп, ката кеткен учурлар да бар экенин жазышууда. (BTo)