Кыргызстан Жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча дүйнөлүк уюмду негиздеген мамлекеттердин катарына кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.
Касымалиев Кыргызстан Кытайдын жаңы эл аралык түзүмдү түзүү демилгесин колдорун жана анын ишине активдүү катышууга даярдыгын белгиледи.
"Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүн каалайбыз", - деди Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасы электрондук соода, санариптик логистика жана төлөмдөр жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, чакан жана орто бизнеске жасалма интеллект чечимдерин киргизүүнү, ошондой эле маалыматтарды иштетүү борборлорун жана технологияларды трансферттөө борборлорун биргелешип түзүүнү сунуштады.
Өкмөт башчы ошол эле учурда электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрүн, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун санариптик коштоо, чакан жана орто бизнес үчүн ЖИ-чечимдерин киргизүүнү, ошондой эле дата-борборлорду, технологияларды трансфертөө борборлорун биргелешип өнүктүрүүнү жана адистерди даярдоону белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев учурда Кытайда иш сапар менен жүрөт. Ал сапардын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана башка бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.(ZKo)