Түркмөнстан ирандык учакка өз аймагы аркылуу өтүүгө уруксат берген жок

Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясынын учагы. Иллюстрация сүрөт.

Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясына таандык Тегеран-Душанбе багыты боюнча учуп бараткан учак каттамдын ортосунда келгенде кайра Тегеранга кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу 24-сентябрда "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Кабарчылар Душанбе аэропортундагы булагына таянып билдиргендей, буга Түркмөнстандын өзүнүн аба мейкиндиги аркылуу учууга уруксат бербегени себеп болгон.

Социалдык тармактарда тараган видеодо учкуч учактын кайра кайтканын түшүндүрүп, Азербайжандын жана Тажикстанга чектеш айрым өлкөлөрдүн аба мейкиндиги аркылуу учууга зарыл уруксат алынбаганын айткан. Натыйжада учак Тегеранга кайтып конгон.

Бул маалыматты Азербайжандын Caliber.az басылмасы менен Түркиянын Anadolu Agency агенттиги да тастыктады. Алар Ирандын Жарандык авиация уюмунун өкүлү Мажид Ахавандын сөзүнө таянып, Түркмөнстан ирандык учакка учууга уруксат бербегенин жазышты. Ушундан улам учак Тегерандагы Имам Хомейни атындагы аэропортко кайтып барган.

23-сентябрда АКШнын Каржы министрлиги Ирандагы бардык авиакомпанияларды санкциялык тизмеге киргизген. Натыйжада дүйнө өлкөлөрү ирандык учактарды тейлөө үчүн экинчи даражадагы санкцияга кабылуу коркунучуна кептелип турат.

Дагы караңыз

Бостериде нөшөр жаандан улам короолорду суу каптадыЖапаров Каспийдеги кырсыкка байланыштуу Токаевге көңүл айтты"Машыгуу учурунда 14 аскер каза болду". Казакстан аза күтүүдөКазакстанда машыгуу учурунда каза болгон аскерлердин саны 14кө жетти