Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран 60% чейин байытылган урандын кубаттуулугун (даражасын) азайтууга жана эл аралык инспекторлордун өлкөнүн атомдук программасын текшерүүсүнө уруксат берүүгө даяр экенин билдирди. Муну менен бирге ал Вашингтонду июнь айында кабыл алынган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кайтууга чакырды.
Fox News телеканалынын журналисти Брет Байерге берген интервьюсу 24-сентябрда жарыяланды. Маекте Пезешкиан Иран өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деген пикирди “такыр андай эмес” деп четке какты.
Пезешкиан Ислам жумуриятынын мурдагы жогорку лидери, маркум аятолла Али Хаменеинин өзөктүк куралга каршы фатвасына шилтеме жасап, Иран байытылган урандын даражасын төмөндөтүүгө жана өзөктүк программасын эл аралык текшерүүчүлөр үчүн ачууга даяр экенин айтты.
Пезешкиандын айтымында, Тегеран ошондой эле июнь айындагы меморандумдун негизинде АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантууну каалайт. Аталган документ согуштук аракеттерди токтотууга негиз түзгөн. Ага ылайык, тараптар 60 күндүн ичинде тынчтык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш болчу.
24-сентябрда NBC News телеканалына өзүнчө маек курган Пезешкиан Тегеран сүйлөшүүлөрдүн АКШда ноябрда өтчү шайлоого чейин созулушун каалабай турганын билдирди.
Ошол эле күнү Иран президенти БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө анын өлкөсү жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин, бирок тынч максаттагы өзөктүк программасын чектөөгө эч качан жол бербесин белгилеген.
АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы чабуул баштаганда себептердин бири катары Ирандын атомдук курал иштеп чыгуусун алдын алуу аракетин атаган.