Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Буллинг жана кибербуллинг түшүнүктөрүн мыйзамга киргизүү долбоору даярдалып жатат

Буллинг боюнча иллюстрациялык сүрөт.
Буллинг боюнча иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн мыйзамдарга киргизүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу депутат Бурул Аманова 25-сентябрда өткөн «Мектептерде буллингди жана рэкетти алдын алуу: балдардын коопсуз билим алуусун камсыздоо» аттуу "тегерек стол" талкуусунда билдирди.

Анын айтымында, мектептердеги кысым көрсөтүү, рэкетчилик, кибербуллинг жана басмырлоо фактылары азайбай жатат. Айрыкча өспүрүмдөрдүн өлүмү менен аяктаган соңку окуялар олуттуу тынчсыздануу жаратууда.

«Биз бүгүн мектептеги буллинг көйгөйүн эле эмес, балдарыбыздын тагдырын, алардын психологиялык жана физикалык саламаттыгын коргоо маселесин талкуулоо үчүн чогулдук. Мектептер коопсуз аймак болушу керек», - деди Аманова.

17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Тергөөдө кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. кармалып, 17-ноябрга чейин камакка алынган.

18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынын зомбулугунан көз жумган. 17 жаштагы төрт өспүрүм (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармалып, соттун чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.

Агартуу министрлиги бул окуяларды иликтөө үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте атайын комиссия түзүлүп, иш жүргүзүлүп жатканын билдирген.(ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG