Казакстанда машыгуу учурунда каза болгон жоокерлер жерге берилди

Жоокерлердин жаназасы. Казакстан. 2026-жылдын 26 сентябры.

26-сентябрда Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда каза болгон жоокерлер менен коштошуу зыйнаты Казакстандын ар кайсы аймактарында өттү.

Алардын бири Сержан Аяпбергендин тажыясы Актау шаарында болду. Маркумдун жаназасына шаардын жүздөгөн тургундары чогулду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, коштошуу зыйнатына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана мурдагы депутат Эдил Жанбыршин да катышты. Блогер Азамат Сарсенбаев тажыяда тартылган сүрөт жана видеолорду жарыялады.

Жоокерлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Түркестан, Арал жана башка шаарларда, аймактарда да өттү.

Казакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында аба ырайы кескин өзгөрүп, 14 аскер кызматкери сууга чөгүп каза болгон. 25-сентябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жалпы 17 адамдан үчөө куткарылып, бир жоокер ооруканага жаткырылган.

Кырсык кандай болгону белгисиз. Расмий органдар бул тууралуу маалымат тараткан жок. Жергиликтүү блогер Азамат Сарсембаев бейрасмий булактарга таянып катуу шамал болгон учурда жоокерлер кемеден сууга секирип, жээкке чыгууга аракет кылганын жазды. Кийими оор болгондуктан алар сууга чөгүп кетишкен. Бирок бул расмий ырастала элек.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Актау гарнизонундагы машыгуу учурунда аскерлердин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Иш «Кызматка шалаакы мамиле кылуу» (453-берене, 2-бөлүк) жана «Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу» (465-берене) беренелери боюнча тергелип жатканы белгилүү болду.

25-сентябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги Аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу иштин алкагында шектүү катары Коргоо министрлигинин беш кызмат адамы кармалганын билдирди. Алар Актау шаардык полициясынын убактылуу тергөө абагына камалды.

Дагы караңыз

Өкмөт келерки жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл буруларын билдирдиИран АКШга Ормуз кысыгын ачуу планын сунуштаганы, Трамп аны четке какканы маалымдалдыОрусия түн ичинде 640тан ашуун украин дронун атып түшүргөнүн билдирдиСот аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Капаловдун өлүмү боюнча иш кайра каралат