27-сентябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын бир катар аймактарына, анын ичинде башкалаа Киевге жана Киев облусуна, ошондой эле Одесса шаарына жана Одесса облусуна дрондор менен чабуул койду. Каза болгондор бар.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Киевдин Соломенский районунда дрондордун чабуулунан бир адам каза болгон. Унаа оңдоочу жайда жана бир имаратта өрт чыккан.
Киевдин мэри Виталий Кличконун билдиришинче, Шевченко районунда орус аскерлеринин соккусунан аял жана эки бала жабыркаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский кийинчерээк 27-сентябрга караган түнү орус аскерлери Киевдеги маалыматтарды борборлоруна эки жолу сокку урганын, алардын биринчисинин натыйжасында үч адам, анын ичинде эки бала жаракат алганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде Vodafone мобилдик операторунун маалымат иштөө борбору жабыркаганын билдирген. Министрликтин билдиришинче, бул борбор Украинанын Куралдуу күчтөрүнө мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет кызматтарын көрсөтүп келген. Акыркы убакта орус аскерлери Киевдеги маалыматтарды иштетүүчү борборлорго бир нече жолу сокку урган.
Киев облусунда Zammler Group компаниясына таандык кампа өрттөнгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Компания бул маалыматты тастыктады. Соккудан жабыркагандар болгон эмес.
Орусиянын дрондору Одесса облусундагы Килия портуна да сокку урган. Райондук администрация билдиргендей, порттук жана жарандык инфраструктура жабыркаган, адамдар жаракат алган эмес. Орусиянын Коргоо министрлиги да сокку болгонун ырастады. Одесса шаарында орус аскерлеринин соккуларынан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алган.
Фронт линиясы өткөн Запорожье облусунда орус аскерлеринин аткылоосунан Камышуваха кыштагында жана Новотаврийск айылында үч адам каза болду. Жер үй жана жеңил унаа жабыркаган. Дагы төрт адам жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, жалпысынан түн ичинде Орусия Украина аймагына 170 дрон учурган, алардын 147си атып түшүрүлгөн.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.