Каспийде каза болгон аскерлерге мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Каза болгон аскерлердин тизмеси. Каспий. Сентябрь, 2026

Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Каспийдеги аскердик машыгуу учурунда сууга чөгүп каза болгон 14 аскерге мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Акордо маалымдады.

Жарлыкка ылайык, №29011 аскер бөлүгүнүн взвод командири Олжас Мухтарулына Бауыржан Момышулы атындагы II даражадагы "Айбын" ордени ыйгарылды.
Аталган аскер бөлүктүн бөлүм командири Аяпберген Сержан Талғатұлы баштаган 13 аскерге Бауыржан Момышулы атындагы III даражадагы "Айбын" ордени өлгөндөн кийин берилди.

24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда шамал күчөгөндөн улам деңиз 17 аскер кызматкерин агызып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14 аскер кызматкери каза болгон. 25-сентябрда Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү болгон.

Машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары - штабдын башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын жана "Кайсар" күзөт катеринин командирлери, жалпы беш адам кармалган. Коргоо министри Даурен Косанов кызматтан алынды.

"Кызматка шалаакы мамиле кылуу" (453-берене, 2-бөлүк) жана "Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" (465-берене) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуяны иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Балаева жетектеген атайын комиссия түзүлгөн, комиссия жети күндө ишинин алгачкы жыйынтыгын жарыялоого милдеттүү.

Дагы караңыз

Орусия Киевге жана Одессага сокк урду. Каза тапкандар бар"Шайлоого барбасаң айлык жок". Президенттикке кимдер талапкер болот?"Кыргыздарды изилдедим, Ала-Арчада жан дүйнөм ачылды"1-октябрдан тарта Орусиядагы маркетплейстерде товарга талап катаалдашат“Эркектин ишин кылбайсыңбы дешти”. Саймачы Саидрахман