Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Казакстанда коргоо министри кызматына Айдос Мырзахметов дайындалдыОрусия Киевге жана Одессага сокк урду. Каза тапкандар бар"Шайлоого барбасаң айлык жок". Президенттикке кимдер талапкер болот?"Кыргыздарды изилдедим, Ала-Арчада жан дүйнөм ачылды"1-октябрдан тарта Орусиядагы маркетплейстерде товарга талап катаалдашат