Сербиянын президенти Александр Вучич кызматтан кетерин 27-сентябрда жарыялады. Ал октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо ат салышат. Вучичтин отставкасы күтүүсүз болгон жок, ал 2027-жылы президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин кызматтан кетерин июнь айынын аягында кабарлаган.
Вучич бийликтеги "Серб прогрессивдүү партиясын" (СПП) жетектеп, премьер-министрликке талапкер болот. Австриядагы теги босниялык саясат таануучу Ведран Жихич 2026-жылдын июнь айында эле Die Pressе гезитине Вучичтин отставкасы премьер-министрлик кызматты камсыз кылуу үчүн жасалган амал экенин белгилеген.
Июль айында Александр Вучич Die Presse басылмасына берген маегинде ал жетектеген партиянын октябрдагы шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилеген.
"Үч айдан кийин биз көптөгөн өлкөлөргө караганда алда канча демократиялуу боло турган шайлоодо жеңебиз. Биз Сербияны экономикалык жактан күчтүү кылабыз", - деген ал.
7-сентябрда Серб өкмөтү Вучичтен өлкөнүн бир палаталуу парламенти болгон Улуттук ассамблеяны таркатууну жана кезексиз шайлоону дайындоону өтүнүп, Вучич ага макул болгон. Жаңы шайлоо 25-октябрда өтөт. Серб Конституциясына ылайык, шайлоо өнөктүгүнө 45 күндөн 60 күнгө чейин убакыт бөлүнүшү керек.
12 жыл президенттик кызматта турган Вучичтин экинчи мөөнөтү 2027-жылы аякташы керек. Конституцияга ылайык, бир адам эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт.
Сербия парламенттик республика. Аткаруу бийлиги толук премьер-министр башында турган өкмөткө таандык. Бирок президенттин тышкы саясат жана коопсуздук жаатында бир катар ыйгарым укуктары бар.