Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG