Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын чек арасынан 4,9 млн чет өлкөлүк жаран кирип-чыккан. Алардын негизги бөлүгү Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кытайдын жарандары. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинин Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата берген маалыматында көрсөтүлгөн.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, быйыл алты айда 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эс алуучулардын саны дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 1,9 млн адамды түзгөн.
Ал эми 1-июлга карата Кыргызстанда туризм чөйрөсүндө иш алып барган 158,2 миңге жакын субъект катталган. 140 миңге жакын адам ушул тармакта алектенет.
Январь-июнь айларында туризм тармагындагы кошумча дүң нарк (ВДС) алдын ала эсептөөлөр боюнча 34 миллиард сомду же ИДПга карата 3,6 пайызды түздү (2025-жылдын ушул убагында 3,5% болгон).
Туризм объектилерин курууда негизги капиталга 15,9 млрд сом инвестиция жумшалган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп.
Быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты өткөн. Сентябрдын башында V Көчмөндөр оюндары Бишкекте ачылып, Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда уланды.
Кыргыз өкмөтү мындай иш-чаралар туризмди өнүктүрүү максатын көздөй турганын билдирген. Расмий эсепке таянсак, быйыл Кыргызстанга 13 миллионго жакын турист келген. Эксперттер алдыдагы жылдары туристтердин саны 20-30 миллионго жетиши мүмкүн дешет. (КЕ)
Алты айда Кыргызстанга 5 миллиондой чет элдик жаран кирип-чыкты
Ысык-Көл. (архивдик сүрөт)