Орусиянын Харьков, Киевге соккуларынан 20дан ашуун адам жараат алды

Харьковго соккулардын кесепети. 28-сентябрь, 2026-жыл

Орусиянын аскерлери 28-сентябрга караган түнү Харьковдун Салтов районундагы көп кабаттуу турак жайга сокку урду. Бул тууралуу шаардын мэри Игорь Терехов билдирди.

Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун маалыматына караганда, 25 адам жаракат алды. Алардын тогузу балдар. Үч бала ооруканага жаткырылган.

Үйдүн бир подъезди толугу менен кыйрап калган. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат. Шаардын Киев районунда дагы 10 жеке үй жабыркады.

"Акыркы убактарда мындай күчтүү сокку биринчи жолу болду. Бул КАБ же "Бандероль" ракетасыбы, азыр тактап жатабыз", – деди Терехов.

Киев шаарында төрт адам жабыркады. Мэр Виталий Кличконун айтымында, Подольск районунда үч киши жаракат алып, алардын арасында 17 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Оболонь районунда чабуулдан кийин май куюучу жайдын аймагында өрт чыккан. Шевченков районунда дрон кеңсе имаратына тийген. Голосеев районунда учкучсуз учак май куюучу жайдын жанындагы кафеге тийген. Дарница районунда дрондун сыныктарынан ачык аймакта өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча, Голосеев районундагы эки кабаттуу жеке турак жайга урулган соккудан дагы бир адам жабыркаган.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер облустун түштүк бөлүгүндө эки киши жабыркаганын билдирди.

Анын айтымында, орусиялык аскерлер турак жай секторуна сокку урган. Натыйжада жети жеке үйдүн фасады, чатырлары жана айнектери талкаланып, жергиликтүү тургундардын автоунаалары жабыркаган. Ошондой эле түн ичинде бош турган кампага чабуул жасалган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде "Укртелекомдун" маалыматтарды иштетүү борбору, "ДримЛайн" компаниясынын маалымат борбору жана күйүүчү май инфраструктурасы бутага алынганын билдирди. Ошондой эле Киев облусунда Васильков аэродромунун объектилери, Одессада "Новая почтанын" логистикалык борбору, Черноморск портунда жүк ташуучу кеме, Измаил портунда "Дунайсудосервис" заводунун инфраструктурасы жана Одесса портуна багыт алган кеме бутага алынганы айтылды.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия Украинага каршы 165 сокку уруучу учкучсуз учак учурган. Алардын 112си атып түшүрүлгөн.

Дагы караңыз

Кыргызстанда бензиндин 1,5 айга жете турган кору бар экени айтылдыАлты айда Кыргызстанга 5 миллиондой чет элдик жаран кирип-чыкты