“Манас жана Хатто”, “Манас жана Райхл” жана "Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?" аттуу китептердин таанытымы өттү.
29-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгиленген салтанаттуу иш-чарага илимий жана адабий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
“Манас жана Хатто”, “Манас жана Райхл” китебин тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин жана манас таануучу, тарыхчы Чолпон Субакожоева которуп, профессорлор Сулайман Кайыпов, Курманбек Абакиров редакторлук кылышкан.
Китептер ишкер, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун колдоосу менен басылып чыкты.
Профессор Тынчтыкбек Чоротегин “Манас жана Хатто”, “Манас жана Райхл” ириде илимий чөйрө үчүн баалуу эмгектер экенин белгиледи.
“Манас жана Хатто” китеби - британиялык фольклор таануучу, окумуштуу Артур Хатто биринчи болуп англис тилине которгон “Көкөтөйдүн ашы”. Бул вариантты казак илимпозу Чокон Валиханов 1856-жылы Ысык-Көлдөгү Боромбай болуштун айылына келгенде белгисиз манасчыдан (Назар Болот уулу деген маалыматтар бар-ред.) жаздырып алган.
Валиханов эпостун үзүндүлөрүн гана которуп, толук чыгарууга жетишкен эмес. Кол жазманы казак академиги Алкей Маргулан 1964-жылы орус архивинен таап, 1965-жылы Казак Илимдер академиясынын журналына макала жана 885 беттен турган кол жазманын факсимилесин жарыялаган.
Ошол кезде бул макала Борбор Азиянын маданиятына кызыгып жүргөн Артур Хаттонун колуна тийген. Ал бул эмгекке кызыгып, атайын алдырган.
Анын котормосу 1977-жылы Оксфорд университетинин басма үйүнөн китеп болуп чыккан. Чокон Валихановдун убагында арабча жазылган кол жазмасын кыргызчага Камбаралы Ботояров которуп, 1996-жылы жарык көргөн.
Карл Райхл - германиялык түрколог, манас таануучу, Бонн университетинин профессору. Түрк тилдүү элдердин эпосторун иликтеп, немис жана англис тилдеринде жарыялаган. “Манас жана Райхл” - анын 1992-жылы жарык көргөн монографиясы. Анда түрк тилдүү элдердин англис, түрк жана кытай тилдерине которулган эпостору талданган.(ST/KE)