Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 1-октябрдан тартып айрым аймактарда катуу жаан жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүндүгүн эскертти. Мекеменин маалыматына караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
ӨКМ бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды коопсуз, төмөнкү аймактарга түшүрүүнү сунуштады. Министрлик жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырды.
Мекеменин быйыл июлда берген маалыматында Кыргызстанда алты ай ичинде 283 сел кырсыгы катталганы айтылган.
Эң көп сел Жалал-Абад облусунда катталып, саны 89га жеткен. Ош облусунда 83 сел кырсыгы болгон. Мындан тышкары, Баткен, Нарын жана Талас облустарында да табигый кырсыктар көп катталган.
5-июнда сел суусуна аралашкан баткак Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 92-чакырымында автоунааларды басып калып, эки адамдын өмүрү кыйылган. (КЕ)
Шерине