28-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда прокурор абактагы саясатчы Мавлян Аскарбековду төрт жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу "Азаттыкка" саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбеков билдирди.
Адвокат айткандай, Аскарбековдун иши боюнча акыркы соттук отурум 29-сентябрда болот. Анда айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгышы күтүлөт.
Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.
Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.
Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган саясатчы өзүнө коюлган айыпты четке кагып келе жатат.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал учурдагы бийликтин айрым иштерин сындаган пикирлери менен бөлүшүп, коомдогу окуяларга көз карашын билдирип жүрчү. (ZKo)
Шерине