Кыргызстанда ири инвесторлорго ижарага алган мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди пайдалануу укугун насыя алууда күрөөгө коюуга уруксат берүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоордо белгиленгендей, жердин өзү күрөөгө коюлбайт, күрөөнүн предмети катары жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугун коюу сунушталып жатат. Мындай механизм Министрлер кабинети инвестор менен түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде түзгөн инвестициялык келишимдерди ишке ашыруу үчүн берилген жерлерге гана колдонулат.
Мындан тышкары, мындай мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн Министрлер кабинети менен кеминде 5 миллиард сомдук инвестициялык келишим түзүүлүшү керек.
Ошондой эле токой, суу фонддорунун жана өзгөчө корголуучу табигый аймактардын жерлери, коргонуу, улуттук коопсуздуктун жана чек ара аймактарынын, мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга мөөнөтсүз пайдалануу укугунда берилген жер тилкелери, өзгөчө кырдаалдар зонасында жайгашкан же сот тарабынан коюлган башка чектөөлөрү бар, камакка алынган, менчиктештирүүгө тыюу салынган же мыйзамда белгиленген тартипте милдеттүү түрдө менчиктештирүү каралган мүлккө, стратегиялык объектилерге, ошондой эле мыйзамга ылайык өндүрүп алуу мүмкүн болбогон мүлккө таандык жер тилкелерин пайдалануу укугу күрөөгө коюлбайт.
Ошол эле учурда жер тилкесин пайдалануу укугун күрөөгө коюу инвесторду ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.
Муну ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жерлерди берүү боюнча азыркы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Учурда мамлекеттик жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугунан ажыратууга, аны күрөөгө коюуга, субижарага берүүгө же үчүнчү жактардын укуктары менен оорлотууга негизинен тыюу салынган.
Долбоор кабыл алынгандан кийин Министрлер кабинети менен түзүлгөн ири инвестициялык келишимдердин алкагында берилген жер тилкелери үчүн өзгөчө шарт киргизилет. (ZKo)
Өкмөт ири инвесторлор ижарага алган жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюуга уруксат берүүнү сунуштады
Иллюстрациялык сүрөт.