Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Тигүү өнөр жайын бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталды

Тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.
Тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, быйылкы жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген ишкерлерди, ошондой эле маркетплейстер аркылуу соода кылган сатуучуларды бирдиктүү салык төлөөдөн жана ал боюнча отчет тапшыруудан бошотууну сунуштады.

Бул тууралуу 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында министр Бакыт Сыдыков билдирди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда баалуу кагаздардан түшкөн пайыздык кирешеге жана алардын наркынын өсүшүнөн алынган кирешеге киреше салыгын салбоо, ошондой эле улуттук паспортторду жана акциздик маркаларды чыгарууга керектелүүчү чийки заттарды импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотуу каралган. Ошондой эле "Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагы үчүн атайын салык режимин киргизип, аны бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотуу сунушталууда.

Аталган мыйзам долбоору менен катар Укук бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, мүлкү жана кирешеси тууралуу декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 3 миң сом, туура эмес же толук эмес маалымат бергендерге 5 миң сом айып пул салынат. Мыйзам бузуу кайталанса же талап аткарылбаса, айып пулдун өлчөмү 10 миң сомду түзөт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. (ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG