Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирди деген чыгымды аныктоо боюнча комиссиялык экспертиза түзүлдү

Шаирбек Ташиев. Коллаж
Шаирбек Ташиев. Коллаж

Мунай тармагындагы коррупциялык схемага байланыштуу айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин мамлекетке канча зыян келтиргени кайрадан такталууда. Чыгымды аныктап чыгуу үчүн комиссиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу анын адвокаты Жыргалбек Бабаев "Азаттыкка" билдирди.

"Кайра текшерилип, тактоо иштери жүрүп жатат. Экспертиза дайындалды. Мамлекетке келтирген зыян боюнча түшүнүксүз, так эмес жагдайлар бар. Ошол себептен өтүнүч келтиргенбиз. Чыгымдын көлөмү чоң болгондуктан, бир-эки жагдайды такташ керек болду. Мурда бир эле эксперт караган, эми комиссия карап, эсептеп чыгат", - деди жактоочу.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев 1-апрелде жемкорлукка шектелип кармалган.

Биринчи май райондук соту аны тергөө абагына камоого чечим чыгарганы менен ал үч айдан бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурганы июлдун аягында белгилүү болгон.

Ташиевге "Кыргызнефтегаз” ишканасынын айланасындагы иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Ички иштер министрлигинин бул ишке байланыштуу чыгарган видеосунда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекет 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга экс-депутаттын тиешеси бар экени айтылган.

Шаирбек Ташиев айыптоолорду четке кагып келген.

27-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратып, Шаирбек Ташиев "мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп бергенден" кийин сот анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөнүн кабарлаган.

27-июлдагы билдирүүдө "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурганы, мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилгени айтылган. Мекеме кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалаган. (КЕ/ВТо)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG