Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Британияда АКШ авиабазасынын жанынан бир нече киши кармалды

Fairford авиабазасы.
Fairford авиабазасы.

Улуу Британиянын Глостершир штатындагы АКШнын аба күчтөрүнүн RAF Fairford базасынын жанынан бир нече киши кармалды. Базанын жанында жайгашкан Уэлфорд калктуу конушунан бир нече ондогон жашоочулары да эвакуацияланган. Полиция окуяны "олуттуу окуя" деп атап, кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи.

Sky News кабарлагандай, окуя болгон жерге жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу боюнча адистер келди. Бир нече үй жана автоунаалар текшерилип, курчоого алынды. Жашоочулар коопсуз жайга убактылуу көчүрүлүп, 27-сентябрдагы бардык иш-чаралар токтотулду.

Полициянын маалыматына караганда, беш киши кармалды. Алгачкы маалыматтарда алар жарылуучу заттар боюнча мыйзамды бузууга шектелип жатканы кабарланган. 27-сентябрда күндүз полиция алар терроризмге каршы туруу мыйзамынын негизинде кармалганын билдирди.

Шектүүлөргө кандай айып тагылганы жана кармалгандардын тек-жайы тууралуу маалымат айтыла элек. Соңку күндөрү авиабазанын аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көзөмөл-өткөрмө пункттары жана куралдуу күзөттөр түзүлгөнү кабарланган.

Полиция Уилфорд кыштагында жүк ташуучу үч ак унаа көңүлдү бурганын тастыктады. Аларды текшерүү үчүн бомба зыянсыздандыруучу робот тартылган. Бул жүк ташуучу автоунаалардын айланасы курчоого алынып, ага жакын үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланган.

Жарылуучу зат табылдыбы, жокпу, азырынча маалымат бериле элек.

Полициянын терроризмге каршы бөлүмү тергөө жүргүзүп жатканы айтылды. Британ маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, операцияны атайын кызмат жетектеген эмес. Бул бийликте акыркы учурга чейин жардыруу же башка диверсия даярдоо боюнча эч кандай маалымат жок экенин көрсөтүшү мүмкүн.

Бул базаны Американын Аскердик аба күчтөрү Иранга каршы операциялар учурунда колдонуп келген. Июль айында Ислам революциясынын сакчылар корпусу база Ирандын бутасы катары каралышы мүмкүн экенин билдирген.

Британ бийлиги Европада көбөйүп бараткан орусиялык гибриддик операциялар тууралуу эскерткен.

Азырынча полиция дагы, расмий адамдар дагы акыркы окуяларды авиабаза же кандайдыр бир тышкы күчтөрдүн аракетине байланыштыра элек.


Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG