Украина Херсон облусунун орус армиясы көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн 14 баланы кайтарып алды. Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, басып алынган аймактардан 6 жаштан 17 жашка чейинки төрт уул бала жана 10 кыз бала кайтып келди.
Кайтарып алынгандардын арасында орус армиясы аскердик каттоого турууга мажбурлаган 16 жаштагы өспүрүм да бар. Жыл башынан бери Херсон облусунун оккупацияланган аймагынан 204 бала кайтарылды.
Украина бийлигинин расмий маалыматына караганда, Орусия басып кирген 2022-жылдын 24-февралынан тартып Украинанын аймагынан Орусияга 200 миңден ашык бала мажбурлап чыгарылып кеткен. Bring Kids Back UA демилгесинин алкагында Украина алардын 2600дөн ашыгын мекенине кайтарып алууга жетишти.
Орус тарап "Орусияда катталган" 700 миң украиналык бала тууралуу билдирүүдө. Айрым учурларда алар орусиялык үй-бүлөлөргө асырап алууга берилген.
БУУнун эл аралык комиссиясы 1205 баланын көчүрүлгөнүн өз алдынча тастыктаган. Алардын ичинен 995и "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган аймактардагы 11 мекеменин тарбиялануучулары болгон. Март айында комиссия Украинанын Орусия козөмөлдөп турган аймактарынан балдарды депортациялоо, мыйзамсыз көчүрүү жана мажбурлап дайынсыз жоготуу аракеттерин адамзатка каршы кылмыш деп атаган. Ал эми бул балдарды Украинага кайтарууну кечиктирүү согуш кылмышына барабар деп баалаган.
Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялаганы үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылы мартта орус президенти Владимир Путин менен омбудсмен Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.
Кремль бул дооматтарды четке кагып келет.