Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Baza: 5 млн евролук Bugatti машинелери Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөн

Тимати Bugatti W16 Mistral айдап баратат. "За рулем" каналынын сүрөтү.
Тимати Bugatti W16 Mistral айдап баратат. "За рулем" каналынын сүрөтү.

Баасы 5 миллион еврого бааланган сейрек кездешүүчү Bugatti W16 Mistral Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөнүн Baza Telegram каналы билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи, 2026-жылы чыккан кара түстөгүсүн орусиялык Тимати деген каймана ат менен таанымал рэпер Тимур Юсупов алган. Автоунаа Европадан Кыргызстан аркылуу транзит менен алынып келинип, 18-августта бажыдан өткөн. Он күндөн кийин, 28-августта Bugatti Орусияда катталган. Машинеге "777" номуру берилип, Москванын эски районунун "77" автомобилдик кодуна шайкеш келет.

"За рулем" гезитинин башкы редактору Максим Кадаков түшүндүргөндөй, өтө сейрек кездешүүчү эки орундуу родстерди сатып алууда ээси Орусиянын Бажы кызматына (FCS RF) кошумча 244 миллион рубль бажы жана кайра иштетүү үчүн төлөмдү (дээрлик 2,8 миллион доллар) төлөгөн.

Экинчиси - кызгылт сары түстөгү 2025-жылкы Bugatti W16 Mistral быйыл 27-августта алып келинип, бажыдан өткөн. Коммерциялык утилизациялык жыйым үчүн 244 млн рубль төлөнгөн. Бул унаа Орусияда каттоого алына элек, бирок Екатеринбургга жөнөтүлгөнү кабарланды.

Кыргызстан тараптан Baza каналы тараткан маалыматка комментарий боло элек.

Штаб кеңсеси Франциянын Молсайм шаарында жайгашкан Bugatti W16 Mistral компаниясы чыгарган бул машинелердин кубаттуулугу 1600 аттын күчүнө барабар, кыймылдаткычынын көлөмү 8 литр. Саатына 454 километр ылдамдыкта жүрө алат. Bugatti Automobiles компаниясы мындай машинеден 99ду гана чыгарган. Анын өндүрүшү 2026-жылдын июлунда аяктаган. Ошондуктан ар бир экземляр коллекциялык буюм катары каралат.

Орусиянын рыногунда W16 Mistral өзгөчө сейрек кездешкен автоунаа болуп саналат. Орус жергесинде Bugatti унаасы акыркы жолу 2013-жылы мамлекеттик каттоого коюлган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG